Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кыргыз эли чоңдуктарды ченөөдө, (өлчөөдө) колдонулган чен бирдиктер. Кыргыз чен бирдиктери төмөндөгүлөр: салмак бирдиктери – жың, батман, чексе, бут, кадак, челек, кап, мыскал ж. б. Аянт бирдиктери – бармак басым, алакандай, үй орду, танап, теше ж. б. Убакыт бирдиктери – көз ирмем, чай кайнам, эт бышым, күн, күнү-түнү, жума (апта), ай, жыл, кылым ж. б. Узундук бирдиктери – эли, укум, сөөм, карыш, төш жери, кулач, бута атым, чакырым, тай чабым, ат чабым ж. б.